2020-04-06


2020.04.06: ДАГЫ БИР ОКУТУУЧУБУЗ «МЕВЛАНА» ПРОГРАММАСЫНА КАТЫШТЫ


Синхрондук котормо бөлүмүнүн Кыргызча-түркчө программасынын ага окутуучусу ф.и.к. Калия Кулалиева  08.03.2020-ж. – 21.03.2020-ж. аралыгында университетибизде иштеп жаткан «Мевлана» алмашуу программасынын алкагында Түркиянын Мугла Сыткы Кочман университетинин Азыркы түрк тилдери жана адабияты бөлүмүндө болуп, атайын семинар жана сабактарды өтүп кайтты. Аталган иш-чара Кыргыз-Tүрк «Манас» университети менен Мугла Сыткы Кочман университетинин ортосундагы академиялык кызматташтыктын өнүгүшүнө кошулган салым болуп саналат.

Урматтуу окутуучубузга мындан кийинки иштеринде да ийгилик каалайбыз!