2020-05-09


2020.05.10: СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН ОНЛАЙН СЕМИНАР ӨТКӨРҮЛДҮ


9-май күнү ага окутуучу Рахат Аскарова тарабынан Синхрондук котормо бөлүмүнүн студенттери үчүн электрондук китепканаларды колдонуу боюнча онлайн-семинар уюштурулду.

Онлайн-семинарда КТМУ Китепкана жана иш кагаздары башкармалыгынын директору Максатбек Ынакбеков КТМУ китепканасынын сайтына жайгаштырылган маалыматтык базалар жана электрондук китепканаларды колдонуу эрежелери боюнча кеӊири маалымат берди.

Онлайн-семинарга Синхрондук котормо бөлүмүнүн студенттеринен сырткары башка бөлүмдөрдөн да студенттер катышты.