2020-06-18


2020.06.18 : АК ЖОЛ, БҮТҮРҮҮЧҮ!


2020-жылдын 16-июнь күнү Кыргызча-түркчө программасынын студенттери тарабынан 4-курстун бүтүрүүчү студенттерине карата "Ак жол, 4-курс" деген аталышта онлайн иш-чара уюштурулду. Иш-чарага программанын окутуучулары менен студенттери катышып, бүтүрүүчүлөргө каалоо-тилектер арналып, чакан маданий программа тартууланды.

Бүтүрүүчүлөрүбүзгө мындан ары да албан-албан ийгиликтерди, көптөгөн жакшылыктарды каалайбыз!