2021-05-12


2021.05.12 «ЖЫЛДЫН МЫКТЫ КОТОРМОЧУСУ – 2021» КАРОО-СЫНАГЫНЫН ЖЕӉҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ


КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы жана Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Синхрондук котормо бөлүмү Синхрондук котормо бөлүмүнүн студенттеринин арасында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган «Жылдын мыкты котормочусу – 2021» кароо-сынагынын жеӊүүчүлөрү аныткалды. Кароо-сынактын максаты берилген тексттерди кыргыз, түрк, орус, англис тилдерине которуу аркылуу котормо бөлүмүндө окуган студенттердин көркөм котормо багытындагы талант, шык-жөндөмүн ойготуу, сыноо. Мыкты котормочуларды аныктоо, студенттерди келечекте ээ боло турган адистигине даярдоо. Ошондой эле башталгыч, орто мектептин окуучуларына кыргыз жана башка тилдерде билим-тарбия берүүгө мыкты котормолор аркылуу өз салымыбызды кошуу. “Жылдын мыкты котормочусу – 2021” кароо-сынагынын жеӊүүчүлөрү болуп төмөнкүлөр аныкталды:  

1. Сулайман Рысбаевдин “АПЕНДИНИН ӨМҮРҮ” аӊгемелер түрмөгүн кыргыз тилинен түрк тилине которгондордун ичинен 1-орунга Алия Кенжекулова, Майрамгүл Гүлжигит кызы (Түркчө-кыргызча программасы, 4-курс), Бермет Муратбекова менен Махабат Акылбекова 2-орунга (Түркчө-кыргызча программасы, 4-курс) ээ болушту.

2. А) Неждет Экижинин “KARAMUK”, “KAPICI” аӊгемелеринин түркчөдөн кыргызчага котормосу боюнча Алия Кенжекулова менен Майрамгүл Гүлжигит кызы (Түркчө-кыргызча программасы, 4-курс) 1-орунга, Айданек Замирбек кызы менен Диана Асанбаева  (Түркчө-кыргызча программасы, 2-курс) 2-орунга татыктуу болушту.

Б) Неждет Экижинин KARAMUK. KAPICI аӊгемелеринин түрк тилинен орус тилине котормосу боюнча 1-орунга Мила Мырзабекова менен Хусейин Ягмур татыктуу болду (Түркчө-англисче программасы, 3-курс).

3. А) Ги де Мопассандын “THE NECKLACE” аттуу аӊгемесин кыргыз тилине которгондугу үчүн 1-орунга Абитова Айдай (Кыргызча-англисче программасы 1-курс) татыктуу болду.

Б) Ги де Мопассандын “THE NECKLACE” аттуу аӊгемесин орус тилине которгондугу үчүн  2-орунга Каныкей Эсенбаева менен Айдай Иманалиева (Кырг-англисче программанын студенттери 3-курс) ээ болушту.