2022-02-12


Балдар үчүн жаңы китеп жазылды


Кесиптешибиз, мыкты филолог, манас таануучу Калия Кулалиеванын балдарга арналып жазылган үчилтик китеби жарык көрдү. Аталган китептер балдарга тамга таанууну жана окуганды үйрөтүү үчүн бала бакча тарбиячыларына, башталгыч класстын мугалимдерине, ошондой эле ата-энелерге чоң жардамчы болот. Китеп балдарга ылайыктуу кооз сүрөттөр менен жасалгаланып, балдардын ой жүгүртүү жөндөмүн өстүрө турган көнүгүүлөрдү жана методикалык сунуштамаларды да камтыйт. Кесиптешибизди дагы бир эмгегинин жарык көрүшү менен куттуктап, мындан аркы иштеринде да ийгиликтерди каалайбыз.