2022-04-05


СТУДЕНТТЕРИБИЗДЕН “ШЫКТАНДЫРУУ ТЕРАПИЯСЫ”


30.03.2022-ж Кыргызча-түркчѳ котормо жана Орусча-түркчѳ котормо программаларынын 4-курсунда окуган студенттер бѳлүмдүн 1, 2 жана 3-курсунун студенттерине «Биздин кесиптин күңгѳй-тескейи» аттуу семинар беришти. Кыргыз-түрк ѳкмѳттѳр аралык биргелешкен комиссиянын жыйынында, Кыргыз-түрк бизнес-форумунда, ТР Вице-президенти Фуат Октайдын катышуусу менен ѳткѳн иш-чарада жана ар түрдүү багыттагы ишкерлердин сүйлѳшүүлѳрүндѳ тилмечтик кылган студенттер Зулайка Эгембердиева, Айканыш Адилова, Раиса Йерланбек, Астра Садырбаева, Бекжан шакир уулу жана Диана Асанбаева аталган иш-чараларда топтогон тажрыйбаларын бѳлүшүп, кеңири маалымат беришти. Аталган семинарга Ж. Баласагын ат. улуттук университеттин окутуучулары жана студенттери да конок катары катышты.