2022-04-05


БЕЛГИЛҮҮ МАНАСЫ БАГЫШ САЗАНОВДУН УУЛУ БИЗДЕ МЕЙМАНДА


01.04.2022-ж. Манасчы Багыш Сазан уулун эскерүүгѳ арналган “Улуу манасчыны эскерүү” аттуу баарлашуу-семинар  ага окутуучу Жылдыз Алимованын демилгеси менен ѳткѳрүлдү. Семинарга атактуу манасчынын уулу Мукамбетжан Багышов келип, атасы тууралуу кызыктуу маек куруп, студенттердин суроолоруна жооп берди. Натыйжада студенттер жана окутуучулар кыргыздын дагы бир атактуу манасчысы Багыш Сазанов тууралуу кеңири маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнѳ ээ болушту.