2022-04-14


УНИВЕРСИТЕТИБИЗДИН ОКУТУУЧУЛАРЫНАН КООМГО КЫЗМАТ


Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин окутуучулары КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук коммисиясынын адистери менен биргеликте Чүй областынын Жайыл районундагы орто мектептердин кыргыз тили жана адабияты мугалимдерине жана Кара-Балта шаарынын мэриясынын кызматкерлерине иш кагаздары боюнча семинар-тренинг өтүп келишти.

2022-жылдын 12-апрелинде өткөрүлгөн бул семинарда бөлүмүбүздүн окутуучулары Мухиттин Гүмүш катышуучуларга университетибиз тууралуу маалымат берип, тилдерди үйрөтүүдөгү негизги жөндөмдөр тууралуу доклад жасады. Ф.и.к. Калия Кулалиева университет тарабынан чыгарылып жаткан китептер менен тааныштырды, тил үйрөтүү үй-бүлө, бала бакча жана башталгыч мектептен башталышы керектиги тууралуу пикирин билдирип, жаңы чыккан китептеринин өзгөчөлүктөрүнө токтолду. Чет тилдер жогорку мектебинин окутуучулары Кыял Токтоналиева менен Венера Туратбек кызы кыргыз тилин үйрөтүүнүн ыкмалары боюнча тренинг өткөрүштү. КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук коммисиясынын адиси Айнура Исманкулова иш кагаздарын жүргүзүү боюнча доклад жасады. Семинарга катышкан мугалимдерге жана мамлекеттик кызматкерлерге иш кагаздары жана кыргыз тилин үйрөтүү боюнча жардамчы окуу-методикалык куралдар белекке берилди.