2022-10-05


Кесиптик майрамыңыздар кут болсун, ардактуу мугалимдер!


Мугалимдердин эмгеги ары татаал, ары түйшүктүү, ошол эле кездеабдан сыймыктуу. Анткени Сиздер улуу тарбиячы, улуу насаатчы катары жаш муундарга туура жол көрсөтүп, акыл көрөңгөсүн байытып, билимдинжарык нуруна бөлөйсүздөр. Билим үрөнүн тартуулоо менен өлкөнүн жаркын келечеги үчүн жасап жаткан эмгегиңиздер баа жеткис.

Сиздерди 5-октябрь кесиптик майрамыңыздар менен чын дилибизден куттуктайбыз жана бекем ден соолук, бакубат жашоо, кажыбас кайрат, ишиңиздерге ийгиликтерди каалайбыз! Бар болуңуздар, агай, эжейлер!

                 Кыргыз-Турк “Манас” университетинин ректораты.