2023-01-20


ОКУТУУЧУБУЗ “ЗАМАНБАП САНАРИП КОЛДОНМО” НОМИНАЦИЯСЫНЫН ЖЕӉҮҮЧҮСҮ БОЛДУ


Бөлүмүбүздүн Кыргызча-түркчө программасынын ага окут. филол.ил. канд Калия Кулалиева “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгына карата жана КР Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-жылдын 2-сентябрындагы “23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнүн бир айлыгын жарыялоо жөнүндө” буйругуна ылайык мамлекеттик тилдин бир айлыгынын алкагында өткөрүлгөн сынактын жеңүүчүсү болду. “Заманбап санарип колдонмо”  номинациясында бул сынакка катышкан окутуучубузга 2023-жылдын 18-январында  Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук драма театрында өткөрүлгөн 23- сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнүн бир айлыгын жыйынтыктоочу салтанаттуу иш-чарада ыраазычылык баракчасы жана кызыктыруучу белектер тапшырылды. Сыйлык Калия Кулалиеванын балдарга арналган “Ойнойбуз да, окуйбуз” электрондук оюн-сабагы жана  “Кыргыз тили балдарга” деген китептеринин сериясы үчүн берилди.

Окутуучубуздун сыйлыгын куттуктап, ишине ийгилик каалайбыз.