2023-06-05


«ЖЫЛДЫН МЫКТЫ КОТОРМОЧУСУ – 2023» КАРОО-СЫНАГЫНЫН ЖЕӉҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ


КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия, КР Улуттук жазуучулар союзунун колдоосу менен Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Синхрондук котормо бөлүмү жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Түркология жана котормо таануу бөлүмүнүн студенттеринин арасында «Жылдын мыкты котормочусу – 2023» кароо-сынагы жарыяланган.

2023-жылдын 22-майында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде конкурстун жыйынтыгын жарыялоо жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо иш-чарасы өткөрүлдү. Он жылдан ашык убакыттан бери өткөрүлүп келе жаткан бул иш-чарада КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын маалымат катчысы Кутмырза Жакыбалиев жана КТМУ Синхрондук котормо бөлүмү башчысы ф.и.к., доц. Салтанат Мамбаева, кароо-сынактын уюштуруучусу ф.и.к. Калия Кулалиевалар куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Жеңүүчүлөргө дипломдор, ыраазычылык барактары, түрдүү сыйлыктар тапшырылды.