2014-10-21


Кош кел, 1-курс!


Кыргыз-Түрк Манас Университетинин Гуманитардык факультети тарабынан 2016-жылдын 26-октябрында 1-курска кабыл алынган студенттерди куттуктоо максатында «Кош кел, 1-курс!» аттуу программа уюштурулду. Программага Гуманитардык факультеттин деканы проф.докт. Лайли Үкүбаева, бөлүм башчылары, окутуучулар жамааты жана факультет студенттери катышты. Бул иш-чарада проф.докт. Лайли Үкүбаева сөз сүйлөп, факультетке жаңы кадам таштап жаткан студенттерге окуусунда албан-албан ийгилик каалады. Программанын акырында факультет студенттери тарабынан даярдалган концерт тартууланды.