2016-11-06


Факультеттин жалпы жыйыны


2016-жылдын 2-ноябрь күнү Гуманитардык факультеттин окутуучулар жамааты үчүн деканат тарабынан факультеттин жалпы жыйыны өткөрүлдү. Жыйында факультеттин деканы проф. докт. Лайли Үкүбаева ачылыш сөзүн сүйлөп, жаңы окуу жылында окутуучулардын жигердүү иштөөсүнө тилектеш экендигин билдирди. Декандын сөзүнүн акырында Тарых бөлүмүнүн окутуучусу проф.докт. Анварбек Мокеев Кыргыз Республикасынын "Даңк" медалы менен сыйлангандыгы үчүн факультеттин атынан сыйлык ээсине куттуктоо сөздөрү айтылып, гүл тапшырылды. Андан кийин декандын орун басары доц.докт. Жээнбек Алымбаев 2016-2017-окуу жылында факультеттин жалпы түзүлүшүн, андагы окутуучулар жамаатынын курамын тааныштырып, жаңы окуу жылында жасала турган иштер боюнча окутуучулар менен ой бөлүштү. Жыйындын соңунда окутуучулар тарабынан ректораттын өкүлү катары проф.докт. Анварбек Мокеевге факультет жана жалпы университеттик деңгээлде чечилүүсү керек болгон иштер тууралуу сунуштар айтылып, жооп алынды.