2016-11-06


1-курстарга тааныштыруу презентациясы


2016-жылдын 3-ноябрында Синхрондук котормо бөлүмүнүнүн Кыргызча-түркчө программасынын 4-курсунун студенттери тарабынан аталган программанын 1-курсунун студенттерине арналган тааныштыруу иш-чарасы жүргүзүлдү. Программанын алкагында 1-курстун студенттерине жогорку курстун студенттери жана окутуучулар жамааты тарабынан куттуктоо сөздөрү айтылды. Муну менен катар 4-курстун студенттери тарабынан бөлүмдүн академиялык турмушу деталдуу түрдө презентация кылынып, бөлүмдүн босогосун жаңы аттап жаткан студенттердин аталган академиялык жашоого активдүү катышуусун каалашты. Мотивациялык сөздөр айтылып, чакан концерт менен белектер тартууланды.

Тааныштыруу презентациясын абдан таасирдүү жана кызыктуу өткөрүп бергендиги үчүн Кыргызча-түркчө программасынын 4-курсунун студенттерине Синхрондук котормо бөлүмүнүн атынан терең ыраазычылык билдиребиз.