2016-12-23


Кайрымдуулук иш-чарасы


2016-жылдын 20-декабрь күнү Гуманитардык факультетке караштуу Синхрондук котормо бөлүмүнүн окутуучулар жамааты жана студенттери кайрымдуулук иш-чарасынын алкагында Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Красноречка айыл өкмөтүндө жайгашкан жетим балдар мектеп-интернатына жана ошол эле райондогу Кирг.шёлк айылында орун алган «Келечек» балдар үйүнө барып келди. Аталган иш-чаранын негизинде кайрымдуулук программасынын катышуучулары балдарга кийим-кече, оюнчук, белек-бечкегин берип, Жаңы Жылга карата концерттик шоу программасын тартуулашты.