2017-02-24


Китептин публикациясы


              Синхрондук котормо бөлүмүнүн ага окутуучусу, докт. Жылдыз Алимова Түрк тили коому тарабынан жүргүзүлүп жаткан «Түрк дастандарын / эпосторун аныктоо жана аларды түрк тилинде жарыялоо» долбоорунун алкагында басмага даярдаган «Кыргыз эпостору – 14: Жоодарбешим» аттуу эмгеги жарык көрдү. Аталган китепте эпостун варианттары өз ара салыштырылып, эпизоддук түзүлүшү тууралуу маалымат берилип, Орузбай Урманбетовдун айткан варианты түрк тилине которулган.

                Үзүрлүү эмгеги үчүн ага окут., докт. Жылдыз Алимованы куттуктап, мындан ары да иштеринде ийгиликтерди жарата берүүсүн каалайбыз.