2017-02-24


Тилди өнүктүрүү программасы уланууда…


Кыргыз-Түрк «Манас» университети менен Түркиянын Анталья шаарында жайгашкан беш жылдыздуу Kilikya Palace жана Yılmaz Ulusoy Holiday Kemer Clup мейманканаларынын ортосунда Синхрондук котормо бөлүмү студенттеринин тил жана котормо компетенциясын өстүрүү боюнча түзүлгөн келишимдин алкагындагы «Тилди өнүктүрүү программасы» өз ишин улантууда. Аталган программанын алкагында мейманкана жетекчилери 2017-жылдын 22-февралында университетке келип, тийиштүү бөлүм жетекчилери менен кызматташуу байланыштарын, студенттердин мейманкана тууралуу ой-пикирлерин жана кызматташуунун алкагында аткарыла турган иш-чараларды эки тараптуу платформада сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Андан кийин мейманкананын өкүлдөрү студенттерге жалпы тааныштыруу программасын сунуштап, студенттердин мейманкана тууралуу суроолоруна жооп беришти.

2017-жылдын 23-24-февраль күндөрү стажировкага бара турган студенттерге мейманкана тууралуу формалар толтуртулуп, алардын кайсы мейманканада стажировкадан өтө тургандыгы жөнүндө маектешүүлөр жүргүзүлдү.