2017-02-24


100гө жакын студентке Антальяда стажировкадан өтүү мүмкүнчүлүгү


Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Гуманитардык факультетине караштуу Синхрондук котормо бөлүмүнүн студенттерине багытталган «Тилди өнүктүрүү программасы» алкагында Түркиянын Анталья шаарында жыл сайын өтүп келген стажировка үчүн быйылкы даярдыктар башталды. 2004-жылдан бери Kilikya Palace, 2012-жылдан бери Yılmaz Ulusoy Holiday Clup Otel менен жүргүзүлгөн кызматташуу студенттерди тил жана маданият жагынан өстүрүү менен бирге иш дисциплинасын калыптандырып, жашоодо тажрыйба берүүнү көздөйт. Аталган программанын алкагында быйылкы жылдын стажировкасын уюштуруу максатында мейманканалардын жетекчилери Бишкекке келишти.

 

Kilikya Palace кадрлар башкармалыгынын мүдүрү Волкан Четинкая, İnsan Yılmaz Ulusoy Holiday Clup Otel мейманканасынын менеджмент бөлүмүнүн башчысы Хасан Алагөз жана кадрлар башкармалыгынын мүдүрү Өзгүн Өзкан  Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Гуманитардык факультетинин Синхрондук котормо бөлүмүнүн башчысы проф. докт. Жейхун Ведат Уйгур менен менен жолугушуп, май-сентябрь айларынын ортосунда стажировка үчүн Yılmaz Ulusoy Holiday Clup Oteli үчүн 45 студент, ал эми Kilikya Palace Oteli отели үчүн 52 студенттин талап кылынып жаткандыгы; ал үчүн расмий түрдө иш жүргүзүү үчүн университет жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлө тургандыгы жөнүндө ой бөлүштү.

 

2017-жылдын 22-февралында өткөн жыйында студенттерге стажировка тууралуу маалыматтар берилип, керектүү документтерди даярдоонун жолдору түшүндүрүлдү. Аталган иш-чаранын алкагында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору проф. докт. Себахаттин Балжы менен жолугушууну пландаштырган мейманкана өкүлдөрү 2017-жылдын 25-февралына чейин стажировка боюнча иш-аракеттерин улантышарын белгилешти.

 

Меймана өкүлдөрүнүн Синхрондук котормо бөлүмүнүн башчысы проф. докт. Жейхун Ведат Уйгур менен болгон жолугушуусуна көптөгөн жылдардан бери стажировкага өз салымын кошуп, колдон келген жардамын берип келе жаткан Чет тилдер жогорку мектебинин мүдүр орун басары ага окут. Мухиттин Гүмүш, Алтын көпүрө агенттигинин жетекчилери докт. Рамиз Мешедихесенли жана Хөкүме Халилова катышышты.