2017-02-24


Проф. докт. Жейхун Ведат Уйгурдун "Түрк тилинин сөз жасоо жөндөмдүүлүгүнө теориялык көз караш" аттуу семинары


Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Гуманитардык факультетине караштуу Синхрондук котормо бөлүмүнүн башчысы проф. докт. Жейхун Ведат Уйгур 2017-жылдын 20-февралында Касым Тыныстанов атындагы жыйын залында "Түрк тилинин сөз жасоо жөндөмдүүлүгүнө теориялык көз караш" аттуу семинар өттү. Аталган семинарга Синхрондук котормо, Түркология бөлүмдөрүнөн жана Чет тилдер жогорку мектебинен келген студенттер менен кызматкерлер катышты. Семинарда проф. докт. Жейхун Ведат Уйгур төмөнкүлөргө токтолду: "Түрк тилинин куранды мүчөлөр аркылуу сөз жасоо мүмкүнчүлүгүнүн кеңири өнүккөндүгүн эске алып, этиштен этиш, этиштен атооч жасоочу 48 мүчөнү 360 этиштин уңгусуна жалгаганыбызда, 17 миңдин тегерегинде сөз жасоого болот. Муну башка мүчөлөр менен салыштырып көргөндө, сандык натыйжанын мындан да көптү түзөрү анык. Түрк тилдеринин ар бири үчүн ушул ыкманы колдоно турган болсок, тилге жаңы кирип жаткан түшүнүктөргө лексемалык эквивалент издөө иши эчак чечилмек. Айрым мүчөлөр аркылуу жасалган сөздөр азыркы адабий тилдин сөздүк казынасында жок болуусу мүмкүн. Бирок бул жагдай ал сөздөрдүн түрдүү диалекттерде жок экендигин шарттабайт. Тескерисинче, адабий стандарттык тилде жок сөздөрдүн көпчүлүгүнүн диалекттерде колдонулуп жүргөндүгүнүн күбөсү боло алабыз".

            Проф. докт. Жейхун Ведат Уйгур түрк лингивстикасын негиздөөчүсү проф. докт. Доган Аксанга шилтеме жасап, түрк тилинин фонетикалык жактан да, морфологиялык жактан да башка тилдерге салыштырмалуу түрдө бир топ сөз жасоого жөндөмдүү экендигин белгиледи. Түрк тилинин мындай жөндөмдүүлүгү тууралуу сөз болгондо, башкалар бул көз карашты түрк тилчи-окумуштууларынын айтып жаткандыгын ойлоосу мүмкүн. Буга карабастан, аталган көз караш эне тили түрк тили эмес тилчи-окумуштуулар тарабынан да айтылып келет. Анткени түрк тилиндеги мүчөлөр жандуу, сөз байлыгы кең, сөздүн ичиндеги тыбыштар мелодиялуу... Ушул сыяктуу көптөгөн өзгөчөлүктөрдү эске алганда, түрк тилинин күч-кубатын мындан да терең аңдоого болот. Доган Аксандын "Түрк тилинин күчү (Türkçenin Gücü)" деген эмгегинен алынган ушул сөздөр менен проф. докт. Жейхун Ведат Уйгур семинарды жыйынтыктады.

            Семинардын акыркы бөлүгүндө проф. докт. Мехмет Айдын, доц. докт. Бурул Сагынбаева, ага окут. Мухиттин Гүмүш семинарга салым кошуу максатында өздөрүн сунуш-пикирлерин айтышты. Студенттердин суроолоруна жооп бергенден кийин, Гуманитардык факультеттин деканы проф. докт. Лайли Үкүбаева профессорго семинардан улам ыраазычылык билдирип, төмөнкүлөргө токтолду: "Мындай семинарлар ай сайын өтүп туруусу керек. Эгер бул тема кандайдыр бир илимий симпозиумда талкууга алынганда, 15 мүнөттөн ашык угуу мүмкүнчүлүгүн ала алмак эмеспиз. Ошондуктан университетке жана илимге салым кошууну каалаган окутуучуларыбыздан өз тармактарында түрдүү семинарларды өткөрүүсүн күтөбүз".