2023-12-08


“Манас” эпосунун сюжеттик-тематикалык көрсөткүчү – I”» китеп сериясынын бет ачар аземи


2023-жылдын 30-ноябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде Гуманитардык факультеттин Синхрондук котормо бөлүмүнүн ага окутуучусу, ф.и.к.доц. Калия Кулалиева жетектеген долбоордун жыйынтыгы катары жарыяланган  “Манас” эпосунун сюжеттик-тематикалык көрсөткүчү – I”» китеп сериясынын бет ачар аземи болуп өттү. “Манас” эпосунун варианттары боюнча түзүлгөн көрсөткүч 7 китептен турат. Өзөктүк окуяларды камтыган 1-китептин түрк тилиндеги котормосу да басмадан чыккан.