2023-12-24


СТУДЕНТТЕРИБИЗ “АЙТМАТОВ-ФИЕСТАДА” ЭКИНЧИ ОРУНДУ ЭЭЛЕШТИ


Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин синхрондук котормо бөлүмүнүн түркчө-орусча программасынын студенттери Рахат Бактыбек кызы, Бурак Саваш жана Расул Абазбек 12.12.2023 –жылы улуу жазуучу Чыӊгыз Айтматовдун 95 жылдыу юбилейине карата Кыргыз–Түрк “Манас” университетинин филология бөлүмү жана К.Карасаев ат. Бишкек мамлекеттик университетинин Конфуций институту тарабынан уюштурулган “Айтматов-фиеста” аттуу “Студенттердин Республикалык фкстивалына” катышып, байгелүү II орунга ээ болушту.