2024-10-21
2024-жылдын 17-19-октябрында Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде өткөрүлгөн AIST-2024 (Сүрөт, социалдык тармактар жана тексттерди талдоо) конференциясы маалымат илими жаатындагы маанилүү окуя катары белгиленди. Университеттин Гуманитардык факультетинин Котормо бөлүмү тарабынан уюштурулган конференция, мурунку жылдардагыдай эле, маалыматтарды талдоо, машинелик окутуу жана жасалма интеллект тармактарында иштеген изилдөөчүлөрдү, окумуштууларды жана инженерлерди бир жерге чогултту.
Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин биринчи проректору проф., др. Алмаз Ибраев үч күнгө созула турган AIST-2024 конференциясын куттуктоо сөзү менен расмий түрдө ачты. Өз сөзүндө А. Ибраев маалымат илими жаатында тармактар аралык кызматташтыктын маанилүүлүгүн баса белгилеп, бардык катышуучуларга жемиштүү жана ийгиликтүү конференция тажрыйбасын каалады.
Конференция беш негизги багыт боюнча уюштурулду: маалыматтарды талдоо жана машинелик окутуу, табигый тилди иштетүү, тармактарды талдоо, компьютердик көрүү жана теориялык машинелик окутуу жана оптимизация. Быйыл өзгөчө ресурстары аз болгон тилдерде табигый тилди иштетүү технологиялары жана жасалма интеллект колдонмолору сыяктуу актуалдуу темаларга көңүл бурулду.
Иш-чара дүйнөдөгү технология жаатында белгилүү университеттерден жана башка мекемелерден келген эксперттерди бир жерге топтоп, ар кандай тармактардагы