2024-12-18


“ТЕРМИНОЛОГИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ ЖАНА ТЕРМИН ЖАСОО ЫКМАЛАРЫ” АТАЛЫШЫНДА СЕМИНАР


КТМУ Гуманитардык факультеттин Синхрондук котормо бөлүмүнүн окутуучусу PhD доц.м.а. Сердар Дагыстан тарабынан         “Терминология маселелери жана термин жасоо ыкмалары” аталышында семинар берилди.

Аталган семинарда терминдердин жалпы өзгөчөлүктөрү, түрк тилиндеги терминдердин билим берүүдөгү мааниси, терминдердин тыбыштык өзгөчөлүктөрү жана тыбыштардын жасалуу жолдору боюнча кеңири маалымат берилди. Айрыкча термин жасоо процессинде эске алына турган принциптер, терминология жаатындагы учурдагы көйгөйлөр жана аларды чечүүнүн жолдору талкууланды.