2024-12-20
19.12.2024-ж., саат 15.00дө Гуманитардык факультеттин Синхрондук котормо бөлүмүндө (Кыргызча-түркчө, орусча-түркчө жана кыргызча-англисче программаларынын) окуган студенттердин ата-энелери мененжыйналыш өткөрүлдү.
Жыйналышты Синхрондук котормо бөлүмүнүн бөлүм башчысы ф.и.к., доц. Салтанат Мамбаева алып барып, окутуучулар ата-энелердин окуу процесси, кесиптик практика ж.б. боюнча суроолорго жооп беришти. Айрыкча ата-энелерге бөлүмдө билим алган студенттердин иштей турган тармактары боюнча кеңири маалымат берилди. Ошондой эле ата-энелер жалпы жонунан университеттеги шарттарга жана билим берүүнүн сапатына ыраазы экендиктерин билдирип, ошону менен бирге жатакана боюнча талаптары, сунуштары да айтылды, натыйжада, көп студенттин жатканага муктаждыгы бар экендиги маалым болду.