2024-12-27


БӨЛҮМДҮН ОКУТУУЧУСУ СЕРДАР ДАГЫСТАН “ЖЫЛДЫН ОКУТУУЧУСУ” АТАЛДЫ


Кыргыз Республикасынын расмий гезити болуп эсептелген “Кыргыз туусу” гезитинин 100 жылдыгына карата уюштурулган сыйлык тапшыруу аземинде  Синхрондук котормо бөлүмүнүн окутуучусу, PhD доцент Сердар Дагыстанга “Жылдын окутуучусу” сыйлыгы тапшырылды.

Сыйлыкты аталган гезиттин ардактуу редактору Тилектеш Ишемкулов тапшырды.

Кесиптешибиз PhD доцент Сердар Дагыстанды сыйлыгы менен куттуктап, мындан аркы иштерине ийгилик каалайбыз.