2025-02-05


СТУДЕНТТЕРИБИЗ “Erasmus+KA 171” АЛМАШУУ ПРОГРАММАСЫНЫН АЛКАГЫНДА ГЕРМАНИЯДА БИЛИМ АЛЫШМАКЧЫ


Синхрондук котормо бөлүмүнө караштуу Кыргызча-англисче программасынын 2-курсунун студенти Аруузат Курманбекова, 3-курсунун студенттери Зарина Тохтахунова,  Бермет Турсунбаева жана Бурулсун Калыйбекова Университеттер аралык келишимге ылайык, “Erasmus+ KA 171” алмашуу программасынын алкагында 2024-2025-окуу жылынын жазгы семестринде Германиянын Саар университетине караштуу Лингвистика факультетинде билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Аталган студенттерибизди куттуктап, окууларына ийгилик каалайбыз.