2025-02-27


ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖЫЙЫН ӨТКӨРҮЛДҮ


2025-жылдын 26-февралында Синхрондук котормо бөлүмүнүн келечектеги билим берүү стратегиясын аныктоо, окуу программасын жакшыртуу жана эмгек рыногунун талаптарына шайкеш келтирүү максатында иш берүүчүлөр менен жолугушуу өткөрүлдү.

Аталган жолугушууга Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Дары каражаттары жана медициналык департаментинин лингвистикалык секторунун башчысы Зарина Кулбаракова, “Илбирс” коомдук фондунун долбоордук менеджери Султанбекова Кенжекан, Жалал-Абад областынын Кара-Көл шаарындагы  Lingua Plus  окуу борборунун мүдүрү Сезим Чотиева, London School окуу борборунун мүдүрү Айнура Карагулова, Gold Viza Trend котормо агенттигинин мүдүрүнүн орун басары Айканыш Бекболот кызы, К. Карасаев атындагы мамлекеттик университети, Relax кафеси жана башка мекмелердин өкүлдөрү катышты.

Жолугушуу эркин пикир алышуу форматында ишке ашып, баарлашуу учурунда иш берүүчүлөр тарабынан жогоруда аталган мекемелерде иштеп жаткан бүтүрүүчүлөрүбүздүн кесипкөйлүгүнө байланыштуу оӊ баалар берилди. Мындан тышкары келечекте заман талабына ылайык окуу программаларын түзүүдө эске алынышы зарыл болгон универсалдуу сабаттуулук жана жумшак көндүмдөр боюнча сунуш-пикирлер айтылды.

Жыйындын аягында Синхрондук котормо бөлүмүнүн студенттерин жогоруда аталган мекемелерде практикадан өткөрүү жана башка биргелешкен иш-чараларды уюштуруу максатында кызматташуу боюнча макулдашылды.      

Бул иш-чаранын Синхрондук котормо бөлүмү үчүн да, иш берүүчүлөр үчүн да жемиштүү болгонун баса белгилөө менен, жыйындын уюштуруучусу PhD Жылдыз Алимова, катчы Жылдыз Бейшеновага жана бөлүм башчы ф.и.к.,доц. Мамбаева Салтанат баш болгон бардык окутуучулар менен иш берүүчүлөргө тереӊ ыраазычылык билдиребиз.