2025-11-25


ОРУС МАДАНИЯТЫ КЕЧЕСИ


19.11.2025-ж. Синхрондук котормо бөлүмүнүн Орусча-түркчө программасынын студенттери тарабынан “Орус маданияты кечеси” уюштурулду. Аталган кечеде орус акындарынын ырлары окулуп, А.П. Чеховдун “Жаман бала” аттуу чыгармасынан сахналаштырылган үзүндү, улуттук бийлер, элдик ырлар жана куда түшүү салты сыяктуу орус маданиятынын үлгүлөрү көрүүчүлөргө тартууланды. Орустардын салтына ылайык, кеченин меймандарын учурда орус маданиятынын дүйнөгө таанымал символуна айланган Маша жана аюу атайын бышырылган нан  менен тосуп алышты. Достук атмосферасында өткөн бул кече студенттерге жана окутуучуларга бир катар жагымдуу таасир калтырды.