2025-12-29


"АЙТМАТОВ КЫРГЫЗДЫ БИЙИККЕ ТААНЫТКАН КЫРААН" КИТЕБИ МУХИТТИН ГҮМҮШ ТАРАБЫНАН КОТОРУЛДУ


 

Хиимия илимдеринин доктору, профессор академик Бектемир Мурзубраимов тарабынан 2023-жылы жазылган жана белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун арбагына арналган публицистикалык макалалар жана маектер жыйнагын кыргыз тилинен түрк тилине Кыргыз-Түрк Манас университетинин Синхрондук котормо бөлүмүнүн ага окутуучусу, жазуучу Мухиттин Гүмүш которгон. «Чыңгыз Айтматов, “Tanrı Dağlarının Kartalı Cengiz Aytmatov” деп аталган китептин бет ачары 2025-жылдын 27-декабрында, ишемби күнү Улуттук китепканада өттү. Евразия Жазуучулар Биримдигине караштуу Бенгү басмасы тарабынан басылып чыккан бул китеп түрк адабиятына кошулду. Эл аралык Түрк маданиятынын уюму (ТҮРКСОЙ) тарабынан уюштурулуп жана колдоого алынган бет ачар программасында ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раевдин ачылыш сөзү камтылган.  Иш-чарага белгилүү кыргыз жазуучулары, акындар жана  окумуштуулар, ошондой эле Кыргыз-Түрк Манас университетинин Гуманитардык факультеттин Синхрондук котормо бөлүмүнүн окутуучулары Калия Кулалиева, Рахат Аскарова,  Дөөлөтбек Эшкенов,  Сердар Дагыстан жана көптөгөн студенттерибиз катышты