2026-03-11


«САНАРИПТИК ГУМАНИТАРДЫК ИЛИМДЕР ЖАНА ЭЛЕКТРОНДУК ОКУТУУ» АТАЛЫШЫНДАГЫ СЕМИНАР


2026-жылдын 22-январында Синхрондук котормо бөлүмүнүн ага окутуучусу, п.и.к. Нургул Карыбекова «Санариптик гуманитардык илимдер жана электрондук окутуу» аталышындагы семинар өткөрдү. Семинар санариптик гуманитардык ыкмаларды жана электрондук окутуунун мүмкүнчүлүктөрүн практикалык түрдө колдонуу көндүмдөрүн калыптандыруу максатында уюштурулду.

Семинардын жүрүшүндө катышуучулар санариптик гуманитардык илимдер боюнча платформалар жана онлайн ресурстар, гуманитардык изилдөөлөр үчүн санариптик куралдарды колдонуу жолдору менен таанышты. Кыргызча-англисче котормо программасынын студенттери активдүү катышып, практикалык тапшырмаларды аткарышты. Бул практикалык иштер студенттерге санариптик чөйрөдө билим берүү жана гуманитардык илимдер менен компьютердик программаларды айкалыштыруу мүмкүнчүлүктөрүн тереңирээк түшүнүүгө өбөлгө түздү.