2026-10-23


«КОШ КЕЛДИҢ, 1-КУРС!» АТТУУ КОНЦЕРТТИК ПРОГРАММА


2026-жылдын 1-октябрында Гуманитардык факультетинин Синхрондук котормо бѳлүмүнүн окутуучулары Мукадас Сабирова жана Гульсанам Абдувалиеванын жетекчилигинде маанилүү иш-чара болуп өттү. Эл аралык котормочулар күнүнө карата уюштурулган бул программа 3- жана 4-курстун студенттеринин активдүү катышуусу менен даярдалды. Бөлүмгө жаңы кадам таштаган биринчи курстун студенттерин тосуп алуу жана алардын мотивациясын жогорулатуу максатында уюштурулган «Кош келдиң, 1-курс!» аттуу концерттик программа студенттердин ортосунда бекем байланыш жана өзгөчө шайыр маанай тартуулады.