2022-06-06


“АК ЖОЛ, 4-КУРС” АТУУ МУЗЫКАЛЫК ПРОГРАММА


2022-жылы 1-июнь күнү Гуманитардык факультеттин Синхронду котормо бөлүмүн 2021-2022-окуу жылы бүтүрө турган студенттер үчүн “Ак жол, 4-курс” аттуу музыкалык программа уюштурулду. Программага декандын-орун басары Ж. Чыманова, бөлүм башчы проф. Экрем Арыкоглу, түрк дүйнөсүнө белгилүү музыкант Ирфан Гүрдал, тарых бөлүмүнүн ага окутуучусу доц. Незахат Гүрдал, Педагогика, Түркология бөлүмүнүн окутуучулары конок катары катышты.       

Программада бөлүмдүн Кыргызча-түркчө, Орусча-түркчө, Кыргызча-англисче программаларынын студенттери тарабынан ырлар ырдалып, улуттук бий, студенттик жашоонун кызыктуу учурларын чагылдырган видеолор көрсөтүлдү.

Программанын аягында Oрусча-түркчө жана Кыргызча-түркчө программасынын бүтүрүүчүлөрү университет жөнүндө ой-пикирлерин айтып, сабактарына кирген окутуучулар жөнүндө жазган ырларын окушту.