2022-12-08


“УНУТУЛГУС ДАТАЛАР” АТТУУ РАДДИОБЕРҮҮ ЦИКЛИ БАШТАЛДЫ


“Манас FM” толкунунда “Унутулгус даталар” циклинен радиоберүүлөр тартуулана баштады. Радиоберүүлөрдүн 3, 4 түрмөктөрү улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун туулган күнө арналып, 8, 12 декабрда эфирге чыгат.

Кыргыз  жана англис тилдериндеги  радио уктуруу 08.12.2022 саат 13.00де   тартууланат. (Радио уктурууну даярдаган  филол. илим. канд., доц. С. Мамбаева. Алып баруучулар ф.и.к., доц. С. Мамбаева жана  синхрондук котормо бөлүмүнүн кыргызча-англисче программасынын студенттери)

Орус жана түрк тилдериндеги  радиоберүү 12.12.2022 саат 13.00 эфирге чыгат. (Радиоберүүнү филол. илим. канд. Ч. Сыдыкова даярдаган. Алып баруучулар: синхрондук котормо бөлүмүнүн орусча-түркчө программасынын 1-курсунун студенттери)