2023-10-20


"КОТОРМО ЖАНА АНЫН КЕЛЕЧЕГИ" АТТУУ IV. ЭЛ АРАЛЫК СИМПОЗИУМ ӨТКӨРҮЛДҮ


2023-жылдын 19-20-октябрь күндөрү Кыргыз-Түрк «Манас университетинин Гуманитардык факультетине караштуу Синхрондук котормо бөлүмү тарабынан “Котормо жана анын келечеги» аттуу IV. эл аралык симпозиум өткөрүлдү.   

Cимпозиумдун ачылыш аземине университетибиздин ректору и.д.,проф. Алпаслан Жейлан, биринчи проректор э.и.к. Бактыгүл Каламбекова, проректор и.д.проф. Мехмет Сезаи Түрк, Гуманитардык факультеттин деканы и.д., проф. Алпаслан Ашык, Кыргызстан котормочулар биримдигинин төрайымы Гүлзада Тенисбек кызы, Россия, Казакстан жана Кыргызстандын белгилүү университеттеринин илимпоздору катышты.

Симпозиум онлайн жана оффлайн форматта ишке ашырылып, жалпы жонунан тогуз отурум төмөнкү багыттарда иш алып барды.

Симпозиумда Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Россия, Өзбекстан жана Германиядан онлайн жана оффлайн катышкан баяндамачылар тарабынан жалпы 69 баяндама жасалды.