2024-03-06


Проф. Др. Эрсен Эрсойдун «Дүйнөдөгү түрк тилдериндеги кол жазмалар тууралуу» деген темадагы семинары болду.


2024-жылдын 05-мартында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Гуманитардык факультетинин 228-семинарлар салонунда жана параллелдүү түрдө Google-meet платформасында Күтахия Думлупынар университетинин Түрк тили жана адабияты бөлүмүнүн башчысы Проф. Др. Эрсен Эрсойдун «Дүйнөдөгү түрк тилдериндеги кол жазмалар тууралуу» деген темадагы семинары болуп өттү.  Семинар «Түркология бөлүмүнүн семинарлары» сериясынын алкагында уюштурулду. Семинарда дүйнөдөгү түрк тилдериндеги кол жазмалар, алардын сандары, алар жазылган алфавиттер жана алар жайгашкан китепканалар жөнүндө сөз болду. Семинардын акырында угуучулар менен суроо-жооп иретиндеги талкуу орун алды.