2024-05-08


«Жазылышынын 950-жылдыгына карата Дивану лүгат-ит түрк» панели уюштурулду.


Гуманитардык факультет жана түркология бөлүмү тарабынан 2024-жылдын 07-майында университетибиздин К.Тыныстанов жыйындар залында ЮНЕСКОнун 2024-жылды  «Дивану лүгат-ит түрк» деп жарыяланышына байланыштуу иш-чаралардын алкагында   «Жазылышынын 950-жылдыгына карата Дивану лүгат-ит түрк»  панели уюштурулду.

Программада факультетибиздин деканы проф., док. Алпаслан Ашык ачылыш сөзүн сүйлөдү.

Панелдин негизги бөлүгүндө проф., док. Озан Йылмаз, доц.м.а., док. Негизбек Шабданалиев жана кенже илимий кызматкер док. Зарина Жалбиева тарабынан Кашкарлы Махмуд жана анын чыгармасы Дивану лүгат-ит түрк, изилдөөлөрү, котормолору жөнүндө баяндамалар окулду.