Миссиясы

Англис тили жана адабияты программасынын миссиясы - алган билимин иш жүзүндө эффективдүү колдоно алган, тил жана адабият жаатында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жөндөмдүү болгон; жергиликтүү, түрк жана дүйнөлүк коомчулукта жигердүү иштей алган; дүйнө таанымын, маданий сабатын жана маданияттар аралык байланыш көндүмдөрүн өнүктүргөн компетенттүү адистерди даярдоо, Батыш адабияты жана маданияты жаатындагы жаӊы метод жана ыкмалар менен тереӊ тааныштыруу.

Максаты

Англис тили жана адабияты программасы

  • англис тилин жана адабиятын окутууда сапаттуу билим берүүчү алдыңкы программа болууну;
  • Дүйнө жана Батыш адабиятын таанып, тил жана адабият боюнча студенттердин билимин өрчүтүүнү;
  • Кыргызстан менен Батыш жана Чыгыш өлкөлөрүнүн ортосунда карым-катнашты күчөтүүнү;
  • студенттердин кесиптик муктаждыктарына ылайык тил, адабият, искусство жана маданият чөйрөсүндө иш алып барууга даярдоону;
  • өлкө ичиндеги жана чет өлкөлөрдөгү башка окуу жайлары менен натыйжалуу кызматташтыкты түзүүнү;
  • бүтүрүүчүлөрдү алган кесиби боюнча иш менен камсыз кылууну көздөйт.

Кыскача тарыхы

Англис тили жана адабияты программасы 2007-2008-окуу жылында өз ишин баштаган. Программанын негизги максаты студенттерге филология кесиптиги боюнча эл аралык стандарттарга ылайык сапаттуу билим берүү болуп саналат. Ошондой эле студенттерге тил жана адабият чөйрөсүндөгү салттуу жана азыркы тенденцияларды эске алуу менен бирге сапаттуу билим берүүнү жана аларды практикада эффективдүү колдоно алууга өбөлгө түзүүнү; илим, маданият жана саясат жаатын өнүктүрүүгө салым кошо алган жогорку квалификациялуу адистерди даярдоону көздөгөн бөлүм болуп эсептелинет.

Кесиптик мүмкүнчүлүктөрү

Бүгүнкү күндө бөлүмдүн бүтүрүүчүлөрү Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинде, өлкө ичиндеги мектептерде, тил үйрөтүү борборлордо, курстарда, котормо агенстволордон тышкары чет өлкөлөрдөгү окуу жайларда дагы эмгектенип жатышат. Биздин бүтүрүүчүлөр бакалавр даражасын алгандан кийин Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө магистратура программасында билимин уланта алышат. Университетте окуу процесси Европалык кредиттик трансфер системасы (ECTS) боюнча жүргүзүлөт, ошондуктан студенттер алмашуу программаларына катышып, чет өлкөлүк университеттерде билим алууга мүмкүнчүлүк алышат. Англис тили жана адабияты программасынын бүтүрүүчүлөрү жогорку окуу жайын аяктагандан кийин мамлекеттик жана менчик мектептерде, тил үйрөтүү борборлорунда, фонддордо жана долбоорлордо, котормо агенстволорунда, басмаканаларда иштей алышат.