«Гистология жана цитология» лабораториясы табигый илимдер факультетиндеги биология бөлүмүнүн алдында 2012-жылы түзүлгөн. Аталган лабораторияда клиникалык жактан дени соо түрдүү жаныбарлардын органдарына клеткалык жана ткандык деңгээлдеги изилдөөлөр, айрым учурларда жаныбарлардын ар кандай генезедеги патологияларына, анын ичинде туюк жараларга, микроскоптук диагноз коюу жана патогистологиялык изилдөө иштери жүргүзүлөт. Лаборатория заманбап алдыңкы жабдыктар менен камсыз болгондуктан, изилдөө иштери сапаттуу жана кыска мөөнөөттө аткарылат. Лаборатория түзүлгөн мезгилден тартып, бөлүмдүн изилдөөчүлөрү, КТМУти жана КРнын Билим берүү жана илим министирлиги тарабынан каржыланган бир топ илимий долбоорлордун алкагындагы, ошондой эле студенттер жыл сайын бакалавр, магистир жана докторлук диссертацияларына байланыштуу изилдөө иштерин жүзөгө ашырышат. Лабораториянын базасында студенттер үчүн «Гистологиялык техника» аттуу илимий ийрим уюштурулган.

Лабораториянын башкы максаты – биология багытындагы бакалавр, магистратура (MSc) жана докторантура (PhD) программаларында билим алып жаткан студенттерди заманбап лабораторияда цитологиялык жана гистологиялык техниканы өздөштүрүүсүн жана илим-изилдөө иштерин аткаруусун камсыз кылуу. Бөлүмдүн изилдөөчүлөрү гистологиялык, гистохимиялык жана иммуногистохимиялык изилдөө ыкмаларын колдонуу менен илимий долбоорлорду аткаруу, илимий макалаларды даярдоо.

Лабораторияда аткарылуучу негизги иш-чаралар:

  • Цитологиялык жана гистологиялык каражаттарды даярдоо;
  • Клеткалык жана ткандык үлгүлөрдү (кесинди, сүртүндү, жуунду) - гематологиялык, жалпы жана атайын гистологиялык, гистохимиялык жана иммуногистохимиялык ыкмаларды колдонуу менен боёо;
  • Даярдалган цитологиялык жана гистологиялык каражаттарга микроскоптун жардамы менен сандык жана сапаттык талдоо жүргүзүү;
  • Нормадагы микроморфология жана патогистология жаатындагы ар кандай илимий изилдөө иштерин жүргүзүү, тиешелүү ылаңдарга диагноз кою.