Физика – бул жаратылыш кубулуштарын изилдеген, алардын кайдан жана кантип пайда болгонун иликтеген эксперименталдык илим. Анын илимий жоболору жана закондору дайыма тажрыйбада текшерилип, практика менен бекемделип турууга тийиш. Ошондуктан, жалпы физика курсун өздөштүрүүдө лабораториялык иштердин ээлеген орду чоң. Лабораториялык иштердин максаты, сабакта өтүлгөн физикалык принциптерди, закондорду табият кубулуштарына байкоо жүргүзүү менен практика жүзүндө алардын тууралыгын далилдеп, физикалык кубулуштарды окуп үйрөнүү.
Лабораториялык иштерди аткаруунун мааниси теориялык жоболорду жана закондорду практикалык ырастоо же бекемдөө менен гана чектелбейт. Лабораториялык ишти аткаруу менен студент тажрыйбалык ишмердүүлүктүн алгачкы кадамдарын жасайт, чоңдуктардын чыныгы маанисин, бирдигин жана баалоонун жолдорун аныктоону үйрөнөт.
Окуу программасында каралган 18 лабораториялык иш PASCO SCIENTIFIC фирмасынын (АКШ) жабдыктары менен аткарылат.
Колдонулган жабдыктар/ Программалар
¨ Күч столу жана тараза таштар
¨ Ылдамдыкты, ылдамданууну өлчөөчү
түзүлүштөр
¨ Атуучу түзүлүш
¨ Айлануу системасы
¨ Резонанс түтүгү
¨ Жылуулуктан кеңейүү аппараты
¨ Жылуулук өткөрүмдүүлүк аппараты
¨ Осциллоскоп
¨ Жыштык генератору
¨ Тажрыйба тактасы
¨ Трансформатор түрмөктөрү
¨ Мультиметр
¨ DataStudio программасы жана сенсорлор
лабораторияда аткарыла турган иштер
¨ Векторлорду суммалоону тажрыйбада аткаруу;
¨ Кинематиканын чоңдуктарын тажрыйбада өлчөө;
¨ Ньютондун закондорунун тажрыйбада изилдөө;
¨ Айлана боюнча кыймылды жана борборго умтулуучу күчтү изилдөө;
¨ Үн резонансын тажрыйбада изилдөө;
¨ Материалдардын жылуулуктан кеңейүүсүн жана жылуулук өткөрүмдүүлүгүн изилдөө;
¨ Ом, Кирхгоф закондорунун тууралыгын далилдөө;
¨ Диод, транзистор, конденсатор, трансформатор-дун чынжырдагы өзгөчөлүктөрүн изилдөө;
¨ DataStudio программасы, сенсорлордун менен тажрыйба аткаруу.