Гуманитардык факультетке караштуу Синхрондук котормо бөлүмүндө учурда студенттердин синхрон которуу жана тилдик көндүмдөрүн калыптандыруу үчүн 3 лаборатория курулган.  Лабораториялар синхрон которуу ишинде колдонулган заманбап технологиялар (микрофон, инфра кызыл порт, портативдик кулакчын, лед такта ж.б.) менен жабдылып, студенттердин кесиптик көндүмдөрүн калыптандырууга ыңгайлуу шарт түзөт. Аталган лабораторияларда студенттер ар түртүү тармактар боюнча тексттерди кыргызча-түркчө, англисче-кыргызча, орусча-түркчө оозеки жана синхрон которуп, ар түрдүү кырдаалда тилмеч катары иш алып баруу көндүмдөрүн калыптандыруу максатында практикалык иштерди аткарышат.