2022-2023 окуу жылында Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Көркөм өнөр факультетинин Графика бөлүмүндө "Станоктук басма устаканасы" түптөлгөн.
Бул устакана студенттерге салттуу жана заманбап басма ыкмаларын үйрөнүүгө жана колдонуп көрүүгө мүмкүндүк берүү максатында ишке ашырылган. Үч жылдын ичинде ар кайсы курстарда линолеум басмасы, гравюра басмасы сыяктуу ар кандай басма техникалары боюнча студенттер тарабынан иштер аткарылган.
Устакана камтыган жабдуулар төмөнкүлөр:
2 басма пресси: бирөө сатып алынган, экинчиси университеттин Кесиптик-техникалык окуу жайынын металл усталары тарабынан жасалган.
1 экспозициялык аппарат – шелкография үчүн;
1 шелкография стенди
1 кислота ваннасы - гравюра басма үчүн
1 боёк валиги - клишелерди боёо үчүн
Бул устакана студенттердин чыгармачылыгын өнүктүрүү жана аларга профессионалдык басма техникаларын үйрөтүү үчүн зарыл болгон бардык шарттарды камсыздайт.