Кыргыз-Түрк Манас университетинин Фитопатология лабораториясынын максаттары:
Бакалавр жана магистратура студенттеринин практикалык жана илимий изилдөө иштерин жүргүзүү, өсүмдүктөрдө ооруларды пайда кылган ар түрдүү микроорганизмдерди аныктоо. Лабораторияда өсүмдүк патогендери болгон бактериялардын, козу карындардын, вирустардын жана энтомопатоген бактериялардын изоляциясы, биохимиялык, физиологиялык, патогендик жана ферменттик активдүүлүк тесттери жүргүзүлөт. Фитопатология лабораториясында ооруну ыкчам жана так аныктоо үчүн салттуу (классикалык) ыкмалар менен катар молекулярдык жана серологиялык методдор да колдонулат.

БӨЛҮМҮ: Өсүмдүктөрдү коргоо
Лаборатория жайгашкан жер (имарат – бөлмө номери): Агрардык факультет, B корпусу, 103-бөлмө
Лабораториянын/цехтин аты: Фитопатология лабораториясы
Лабораториянын ачылган жылы: 2017-жыл
Лабораториянын максаты:
Фитопатология лабораториясында фитопатоген бактерияларды, микроскопиялык замбурактарды жана башка зыяндуу организмдерди аныктоо, карантиндик материалдарды жана өсүмдүк үлгүлөрүн анализдөө
Лабораториянын түрү (илимий, көмөкчү, окутуу):
Окутуу, илимий изилдөө жана колдонмо максатында түзүлгөн
Лабораториянын аянты жана сыйымдуулугу (адам саны): 67,6 м² жана 20 адамга ылайыкталган
Учурдагы жабдуулар үчүн сарпталган сумма (сом/доллар): 66 110 АКШ доллары