Декандан сөз

Табигый Илимдер Факультетинин Веб сайтына кош келиңиздер!!!

Табигый илимдер факультети 2008-жылы ачылган. Факультет “Биология” “Математика”, “Колдонмо математика жана информатика”  бөлүмдөрүнөн турат. Биология, математика бөлүмдөрү 3 баскычтуу (бакалаврдык, магистрдик, Ph.D) билим берилүүдө. Математика багыты боюнча магистратура жана докторантура (Ph.D) программалары иш алып барууда. Ал эми Биология бөлүмүндө "Биология", "Биотехнология" багыттарында магистратура жана "Биология" багытында  докторантура (Ph.D) программаларында адистер даярдалууда.

Студенттерибиз Кыргызстан, Туркия жана Орто Азиянын ар кайсы мамлекеттеринен социалдык, экономикалык, этникалык жана диний көп түрдүүлүктөн келишет. Факультетибиздин негизги миссиясы, Кыргыз-Түрк "Манас" университетин Орто Азияда жана да Европада эң алдыңкы университеттердин катарына кошуу. Бул үчүн факультетибизде Кыргызстан, Түркия жана Орто Азиядагы Түрк мамлекеттеринин өнүгүү жана социалдык муктаждыктарын эске алуу менен жаңы программаларды ачуу үчүн иш-аракеттер жасалууда.

Учурда факультетте 7 профессор, 5 доцент, 3 доценттин милдетин аткаруучу, 3 адис жана 1 илимий кызматкер эмгектенүүдө. Факультет жогорудагы персоналдары менен студенттердин жөндөмүн, жетишкендигин жана кесиптик билимдерин жогорку деңгээлге жеткирүү үчүн билим беришүүдө.

Университетибиздин максатын, стратегиясын жана башка милдеттерин ишке ашыруу үчүн негизги урааныбыз: "Университеттен да артык!" Бул ураан алдында бир канча жыл ичинде Кыргыз-Түрк "Манас" университетин дүйнөнүн эң ири билим борборуна айландырабыз деген ишенич чоң. Бул максатты ишке ашырууда фундаменталдык билим берген Табигый илимдер факультетинин жоопкерчилигин сезип бардыгыбыз бирге колубуздан келишинче аракет кылабыз.

 

Б.и.д., Профессор
Гүлбүбү КУРМАНБЕКОВА

Декан