2024-12-12
Кыргызстан Түркия “Манас” университетинин Колдонмо математика жана информатика бөлүмү тарабынан кыргыз киносунун маанилүү чыгармаларынын бири болгон “Саманчынын жолу” (“Toprak Ana”) тасмасын көрүү боюнча иш-чара өткөрүлдү. 2024-жылдын 11-декабрында бөлүм студенттеринин жана академиктердин катышуусунда өткөрүлгөн иш-чарасы көркөм жана маданий жактан бай тажрыйбаны тартуулады.
Тасма согуш маалында үй-бүлөсүн, жерин коргоого аракет кылган, чечкиндүүлүк жана курмандыкка жык толгон аялдын тагдырын баяндайт. Согуш маалында аскерге кеткен эркектердин оор турмушун таасирдүү сүрөттөгөн тасма көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Катышуучулар бул таасирдүү чыгарма аркылуу кыргыз элинин согуш учурундагы кыйынчылыктарын, тилектештигин жакындан таанууга мүмкүнчүлүк алышты.
Колдонмо математика жана информатика бөлүмү катары биз ушундай мазмундуу иш-чараны өткөрүүгө кубанычтабыз. Келечекте факультетибиздин студенттерине маданият жана искусство байлыктарын тартуулаган мындай иш-чараларды уланта бермекчибиз.