2022-03-15


Гебзе Техникалык университетинин семинары


Гебзе Техникалык университети менен болгон кызматташтыктын алкагында 2022-жылдын 11-марты саат 17:00 (Түркия сааты 14:00) өткөрүлгөн математика бөлүмүнүн семинарында Москва физика жана технология институтунан Мухаммад Алкоуса "Numerical Methods for Some Classes of Convex Optimization Problems II" аттуу темада доклад жасады. Семинар онлайн форматта өттү. Семинарга Кыргыз-Түрк Манас университетинин Математика, Колдонмо математика жана информатика бөлүмдөрүнүн студенттери жана окутуучу жамааты катышып, суроолорун берип, пайдалуу маалыматтарды алышты.