2022-05-26


2021-2022 ОКУУ ЖЫЛЫ ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКАНЫН ОТЧЕТУ


Бөлүмүбүздүн 4-курсунун студенттери 3 айлык педагогикалык практикасынын отчётун 2022-жылдын 20-майында сунушту. Бул иш-чарага факультетибиздин деканы б.и.д., проф. Гүлбүбү Курманбекова, бөлүм башчыбыз ф.-м.и.к., проф. Анаркүл Урдалетова жана жалпы бөлүмдүн мугалимдер жамааты катышып, болочок муундун мугалими болгон студенттерибизге өздөрүнүн кеп-кеңештерин айтышты. Педагогикалык практика учурунда мектептерге барып баарын уюштуруп, студенттерибизди ар тараптан колдоп жүргөн бөлүмүбүздүн методисти Азат Акматбекова  педагогикалык практикасынын отчётунун ачылышын жасады.

Андан соң студенттерибиз өздөрү практикасын өтүп келген мектептери жана ал жакта аткарган иштери боюнча отчетторун беришти. Жыйынтыгында, мектептерге барып ачык сабактарына катышып келишкен бөлүм башчыбыз ф.-м.и.к., проф. Анаркүл Урдалетова жана бөлүмүбүздүн методисти Азат Акматбекова эжелерибиздин баалоолору, ошондой эле отчетту уккан бөлүмдүн мугалимдер жамаатынын баалоолорунун негизинде, өздөрүнүн кесиптик талантын ачып, сабакты уюштурууда максаттарына жете алган мыкты жаш болочок математик мугалимдерибиз Жаңыл Талантбекова, Айгерим Мирбек кызы жана Сезим Өмүрбекова мактоо баракчалары менен сыйланышты. Ошону менен катар 4-курстун тайпа башчысы Жылдыз Гыязова практиканы уюштурууда активдүүлүгүн көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык баракчасы менен сыйланды. Бөлүмүбүздүн педагогикалык практикасы ийгиликтүү аяктады. Болочок жаш математиктерибизге ар дайым активдүү болуп, көздөгөн максаттарына жетишсин демекчибиз.