2022-11-14


Математика бөлүмүнүн семинарынын ачылышы


2022-2023-окуу жылы үчүн пландалган Математика бөлүмүнүн семинарларынын биринчиси 2022-жылдын 9-ноябрында ректораттын жыйындар залында 13.30-14.45 сааттар арасында болуп өттү. Бөлүм башчыбыз профессор Анаркүл Урдалетованын жаңы окуу жылы тууралуу кыскача баяндамасы менен башталды. Эки өлкөнүн гимндерин уккандан кийин быйылкы окуу жылынын биринчи семинарын биздин бөлүмдүн профессору PhD Мухаммет Камалиге сөз берилди. Бөлүмүбүздүн профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери катышкан «Фибоначчи сандары жана алардын касиеттери» аттуу семинар бир сааттан ашык убакытка созулуп, студенттер тарабынан кызыгуу менен көрүлдү.