2023-05-29


«ОКУМУШТУУЛАР МЕНЕН ИЛИМГЕ САПАР» аттуу Workshop


17.05.2023 күнү саат 14.00-16.00. Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин  Табигый илимдер факультетинин Математика бөлүмү тарабынан «Маариф» билим берүү комплексинин окуучуларына инсандык өнүгүү программасынын алкагында окуучулардын илимий дүйнө таанымын калыптандыруу, математикага, табигый жана инженердик илимдерге кызыгуусун арттыруу, илимдеги жаңылыктар менен тааныштыруу аркылуу  STEM билим берүү программасына тартуу максатында “Окумуштуулар менен илимге сапар” аттуу тегерек стол уюштурулду.

Иш-чарага Маариф мектебинин 7-9- класстарынын окуучулары, мугалимдери жана Математика бөлүмүнүн окутуучулары катышты.

Математика бөлүмүнүн окумуштуу-педагогдору:, проф.др. Анаркүл Урдалетова, проф.др. Мухамет Камали, проф.др. Авыт Асанов, доц. Др. Тамара Карашева окуучуларга төмөнкү темаларда кызыктуу маек куруп беришти:

              1. “Биринчи тартиптеги айырмалык теңдеменин колдонуусу”            

               2. “Математикадагы сандар”

               3. “Көп мүчөлөр жана Карданонун формуласы”

               4.  “Физиканын келечеги”

Математика бөлүмүнүн 3-курсунун студенттери танапис убактыларында окуучуларга математика жана логика боюнча ар кандай интерактивдүү оюндарды, викториналарды уюштуруп, жеңүүчүлөргө белектер тапшырышты.