2024-02-29


Математика сүйүүчүлөрү жолугушат: Шриниваса Раманужандын жашоосу кинодо жанданат


            Белгилүү индиялык математик Сриниваса Раманужандын өмүр жолуна арналган кино иш-чара математика сүйүүчүлөрүнүн чоң кызыгуусун жаратты. Математика бөлүмүнүн студенттери жана окутуучулары Раманужандын өзгөчө математикалык талантын жана өмүр баянын көрсөткөн тасманы көрүү менен математиканын тереңине саякат жасашты.

           Академиктер Раманужандын математикадагы гениалдуулугун, анын инновациялык теоремаларын студенттерге тасма аркылуу түшүндүрүп, математика сүйүүчүлөрүнүн көңүлүн бурушту. Факультетибиздин студенттери мындай иш-чаралар математикалык аң-сезимди чыңдоодо чоң роль ойноорун баса белгилеп, мындай иш-чаралардын дагы да улана беришин каалашты.