2024-04-02


Университеттер арасында болуп өткөн ШАХМАТ боюнча универсиадада 1-орун


2024-жылдын 25-29-мартында Ош шаарында уюштурулган универсиадасынын ШАХМАТ боюнча мелдешине 10 команда катышышкан. Биздин Кыргыз-Түрк Манас университетинен Азамат Керимжановдун жетекчилигинде барган команда биринчиликти утуп алышкан. Алар алтын медал, акчалай сыйлык жана кубокко ээ болушкан. Жалпы команданы жана алардын ичинде студентибиз, математика бөлүмүнүн 1-курсунун студенти Азалия Мирлан кызын, жетишкендиктери үчүн куттуктайбыз! Дагы да көптөгөн ийгиликтерге ээ болшуна тилектешпиз.